Ссылки доступа

Тажикстан бийлиги коронавирустун вакцинасына азырынча буюртма бербейт


Страна, победившая коронавирус? Репортаж из Таджикистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Тажикстанда 2021-жылдын башынан бери коронавирус инфекциясын жуктурган төрт учур гана катталды, ооруканаларда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптар калган жок.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Ушул тапта 200дөй бейтап амбулатордук дарылоодон өтүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту 2021-жылдын ортосунда толугу менен жеңүүгө мүмкүн болорун билдирүүдө. Дал ошол маалда өлкөдө калкты жапырт эмдөө башталышы ыктымал. Азырынча тажик бийлиги вакцина сатып алууга ашыга элек – сыноолордун бардык этабы бүткөн соң Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушунун негизинде эң жакшы вакцинаны тандоого убада берүүдө.

“Тажикстанды COVAX программасына кошуу жөнүндө сунуштар болду. Бирок биз этика жана коопсуздукту эске алып баш тарттык”, – деди министрликтин өкүлү Навруз Жаффаров.

Расмий маалымат боюнча сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус менен 13 миң киши ооруду, 90 адам көз жумду. Соцтармактарда чогултулган бейрасмий маалымат боюнча былтыр май айынан сентярь айына чейин эле коронавирус инфекциясынан 450 тажикстандык өмүр менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG