Ссылки доступа

АКШ Иранды Түштүк Кореянын танкерин бошотууга чакырды


АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранды Перс булуңунда кармалган Түштүк Кореянын танкерин бошотууга чакырды. Буга чейин ушундай эле чакырык менен иран бийлигине Сеул да кайрылган.

«Америка үнү» радиосу белгилегендей, танкер АКШ сакцияларынын алкагында Түштүк Корея банктарындагы Ирандын 7 миллиард доллары камакка алынгандан көп өтпөй кармалган.

Ирандын бир нече маалымат каражаты, анын ичинде мамлекеттик телеканалдары кемени Ислам революциясынын сакчылар корпусу кармаганын, буга анын булуңду химиялык заттар менен булгап жатканы себеп болгонун билдиришкен.

Танкерде Түштүк Корея, Индонезия, Вьетнам жана Мьянманын 20 жаранынан турган экипаж мүчөлөрү болгон. Сеул кемени бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тегеранга өкмөттүк делегацияны жөнөтө турганын билдирди. Ирандын Түштүк Кореядагы элчиси экипаж мүчөлөрүнүн саламаттыгы жакшы, алар үчүн эч кандай коркунуч жок экенин айтты.

Танкер 4-январда, Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басарынын Тегеранга сапарынын алдында кармалган. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Ирандын камакка алынган каражаттарына байланышкан маселени талкуулашат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG