Ссылки доступа

Тажикстанда камсыздандыруу компаниялары $7 млн киреше табышты


Тажикстанда камсыздандыруу компаниялары 2020-жылдын 9 айында 80 млн сомони (7 млн 100 миң доллар) киреше табышты.

Тажикстан Улуттук банкынын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 31,6 млн сомониге көп.

Ушул тапта Тажикстанда 18 камсыздандыруу компаниясы бар, аларды ичинен экөө мамлекеттик, калгандары жеке иш алып барат.

Өлкөдө эң эле кирешелүү кепилдик рыногу – автотранспортторду милдеттүү түрдө камсыздандыруу.

Бул укукка ээ болуу үчүн камсыздандыруу компанияларынын уставдык капиталы 10 млн сомониден кем болбошу керек. Тажикстанда автотранспортторду үч компания гана тейлесе, алардын экөө президенттин күйөө баласына таандык.

XS
SM
MD
LG