Ссылки доступа

Кытай COVID-19дун келип чыгышын иликтеген ДССУнун эксперттерин өлкөгө киргизген жок


Кытай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринин өлкөгө киришине уруксат бере элек. Буга чейин Бээжин менен ДССУ COVID-19 вирусунун пайда болушун иликтөө үчүн эл аралык миссияны кабыл алууга макулдашкан болчу.

Келишимге ылайык, январь айынын башында ДССУнун эл аралык байкоочулары коронавирустун чыгуу себептерин иликтөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына барышы керек эле. Былтыр 16-декабрда ДССУ башчысы Бээжин уруксат бергенин маалымдаган.

ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан эки эксперт Кытайга кирип үлгүргөнүн, калгандарына уруксат берилбегенин айтты. Ал бул маселе жакын арада чечилеринен үмүт артты.

Ухань калаасында коронавирустун пайда болушу менен Бээжиндин дарегине көптөгөн сындар айтылган. АКШ президенти Дональд Трамп Кытайды COVID-19 вирусунун башка мамлекеттерге жайылышына жол берди деп айыптаган.

Былтыр декабрда CNN телеканалы Кытайдагы Хубэй провинциясындагы илдеттин алдын алуу борборунун 117 беттен турган документи редакцияга келип түшкөнүн маалымдаган. Анда Кытай өкмөтү вирустан кишилердин өлүп жатканын жашырганы айтылган. Эгер бул маалымат ошол кезде жарыяланганда вирустун жайылышына жол берилмек эмес деген пикирлер бар.

Пандемия башталгандан бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 1,8 миллион киши кайтыш болду. 86 миллион адамдын вирус жуктуруп алганы тест аркылуу аныкталды.

XS
SM
MD
LG