Ссылки доступа

Казакстан президенти орусиялык депутаттын "белекке берилген жерлер" тууралуу сөзүнө жооп кайтарды (видео)


“Тыштан эч ким казакстандыктарга өз аймагын берген эмес, Казакстандын башкы байлыгы – бул анын ата-бабалардан мураска калган ыйык жери”.

Бул Казакстан президентинин 5-январда республикалык Egemen Qazaqstan гезитинде жарыяланган макаласындагы фразасы.

Токаев: “Биздин тарыхыбыз 1991 же 1936-жылдан башталбайт. Биздин эл Казак хандыгынын тушунда жана андан мурда – Алтын Ордо, Түрк каганаты, гун менен сактардын учурунда эле жашаган”, деп жазган. Муну менен ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек шараткан айрым чет өлкөлүктөрдүн чагымчыл билдирүүлөрүнө каршы туруу керек экенин белгилеген.

2020-жылы декабрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Комаровду чакырткан. Дипломатка Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никонов “Биринчи каналдагы” программалардын биринде сүйлөп жатып “Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек” деп айткан сөзү үчүн нота тапшырылган.

Токаев өз макаласында Казакстандын азыркы чек арасы эл аралык коомчулук тарабынан таанылганын, муну эч ким талашпай турганын, бардык чек ара маселелери эбак чечилгенин белгилеген. Ал Казакстан бирдиктүү мамлекет экенин кошумчалаган.

Токаев мындан ары чагымчыл аракеттер болбошу үчүн жакын арада өлкөнүн түндүк аймактарынын аталышы өзөрүшү ыктымал экенин ишара кылган.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG