Ссылки доступа

Америкалык ири социалдык түйүндөр Трамптын аккаунттарын убактылуу жабышты


АКШдагы ири социалдык түйүндөр — Facebook, Instagram, Twitter жана Snapchat өлкө президенти Дональд Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салышты.

Буга 6-январда жасалган Трамптын чакырыктарынан кийин анын тарапташтарынын Капитолийге кирип барышы түрткү болду. Ал учурда Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйыны өтүп жаткан. Анда ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы бекитилмек.

6-январда «Твиттер» АКШ президентинин аккаунтун «олуттуу жана улам кайталанган эреже бузуу» үчүн 12 саатка жапканын билдирип, керек болсо такыр жаап саларын эскертти. «Фейсбук» менен «Инстаграм» социалдык түйүндөрү «алардын ички саясаты эки жолу бузулганын» жүйө кылып, Трамптын аккаунтун 24 саатка жапканын жарыялашты. Snapchat түйүнүнүн өкүлү президенттин аккаунту шаршемби күнү жабылганын, бул чечим өлкөдөгү абалга жараша жокко чыгарыларын билдирди.

YouTube видеосервиси Капитолийдин имаратына кирип барган тарапташтарын тарап кетүүгө чакырган Трамптын видеокайрылуусун өчүрдү. Сервис видеодо президенттик шайлоодогу бурмалоолор тууралуу жалган маалымат бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG