Ссылки доступа

Ирак соту Дональд Трампты камакка алууга ордер берди


Дональд Трамп Ирактагы аскердик базада. (архив сүрөт)

Багдадда сот АКШнын президенти Дональд Трампты камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Трампка тагылган айып Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма аскер бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу. Ал 2020-жылы январда АКШнын атайын операциясынын жүрүшүндө Багдадда каза болгон. Бул кол салуудан кийин Иран АКШнын Ирактагы аскердик базаларына ракеталык соккуларды жасаган.

AP агенттиги Трампты камакка алууга ордер берүү — символикалык гана окуя экенин белгиледи. Анткени дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү болбосун, анын Иракка АКШнын учурдагы да, мурдагы да президентин өткөрүп берүү ыктымалдыгы өтө төмөн. Бирок формалдуу түрдө бул айып боюнча Иракта Трампты өлүм жазасы күтүп турат.

Саддам Хуссейндин бийлиги кулатылгандан кийин Ирак Вашингтондун аймактагы союздашына айланган. Бирок Сулейманинин өлүмүнөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен. Ирак парламентинин шиит канаты бийликти өлкөдөн чет мамлекеттердин аскерлерин чыгарууга чакырган сунуш иретиндеги резолюциясын кабыл алган. Ошондон бери Иран колдогон топтор Ирактагы америкалык күчтөргө кол салууларды күчөтүшкөн. Буга байланыштуу Вашингтон Багдаддагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу ойлоно баштаган.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG