Ссылки доступа

Тажикстанда «Рогун ГЭСинин» акцияларын сатып алган жарандарга дивиденд төлөнө элек


Тажикстанда «Рогун ГЭСи» ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу өнөктүгү башталганына туура он жыл болду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акция ээлерине дивиденд төлөө маселеси ачык бойдон калууда.

Айрым тургундар сатып алган акцияларынан кандайдыр бир пайда көрөрүнө ишенбей калышканын билдиришүүдө.

Кобилжон аттуу тургун «Рогун ГЭСинин» акцияларын 2010-жылы, студент кезинде сатып алган. Анын айтымында, окуу жайдын жетекчилиги ар бир студентти кеминде 100 сомониге акция сатып алууга мажбурлаган. «Атам батирге жана тамак-ашка деп салган акчаны Рогундун акцияларына бергеним эсимде. Анда келечекте өлкөбүздө электр энергиясына байланышкан көйгөйлөр болбосун деп сатып алгам. Качандыр бир күнү бул баалуу кагаздардан пайда көрөбүзбү-көрбөйбүзбү белгисиз», — деди ал.

Кобилжон ал миңдеген башка акционерлердей эле баалуу кагаздарды пайда көрүү үчүн эмес, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип калат деген үмүттө сатып алганын кошумчалады.

Тажикстандын тургундары бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясынын жетишсиздигинен улам кыйналып келет. 5-январда «Барки точик» улуттук энергохолдинги айылдарда электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилгенин билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө калкынын 70% айылдарда жашайт.

Тажикстанда «Рогун ГЭСинин» акцияларын сатуу өнөктүгү 2010-жылдын 6-январында башталган. Өкмөт 6 миллиард сомониге бааланган 5 миллион акция чыгарып, аларды сатуудан 900 миллион сомони (ошол кездеги курс боюнча 186 миллион доллар) чогулткан. Бирок үч айдан кийин эл аралык уюмдардын талабы менен акцияларды сатууну токтотууга мажбур болгон.

«Рогун ГЭСи» ААКсынын Инвестициялар жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн башчысы Зухро Мусоева жарандар ГЭС толук курулуп бүтүп, алты агрегаты тең ишке киргенден кийин гана дивиденд ала баштай турганын билдирди. Анын айтымында, «Рогун ГЭСинин» курулушу 2027-жылга чейин аяктайт деп пландалууда.

XS
SM
MD
LG