ИИМдин билдирүүсүндө Рудаки районунун тургуну Дона Набиев “айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары бөлгөн акчалай каражаттан алып, аны экстремизм идеаларын жайылтууга, экстремисттик китепчелерди сатып алууга, жарыялоого, жаштарды жихад топторунун катарына үгүттөөгө жана мобилизациялоого жумшаганы” айтылат. Ошол эле маалда министрлик кайсы бир өлкөнүн атын атап же анын күнөөсүн бышыктаган документтерди жарыялаган жок.
Билдирүүдө карыя чет өлкөдөн келген каражаттын бир бөлүгүн Ооганстандагы “Жамоати Ансоруллох” экстремисттик тобуна жөнөтүп турганы белгиленген.
Бул арада Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы билдирүү таратып, түрмөдөгү партиялаштары үчүн диний партиянын мүчөлөрүнүн жакындарынан каражат алуу кылмыш эмес экенин маалымдады. Партия “Жамоати Ансоруллох” тобу менен байланышы жок экенин айтууда.
Дона Набиев 2020-жылы сентябрда кармалган. Үч айдан кийин анын соту жабык өткөн, адвокат менен камсыздалганы же камсыздалбаганы белгисиз.
2015-жылы Тажикстандын Жогорку соту Ислам кайра жаралуу партиясын экстремисттик жана террорук уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.