Ссылки доступа

18 605 жаран шайлоо тилкесинен тышкары добуш беришти


Кыргызстанда добуш берүү тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жок 18 605 жаран 9-январда шайлоодон тышкары аймактарда, көчмө урна аркылуу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады

Шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү үчүн 21 433 жаран кайрылган. Аларга участкалык шайлоо комиссияларынын адистери көчмө урна менен барышкан. Арыз жазгандардын 2828и добуш берген эмес, алардын 1008и көрсөтүлгөн даректе жок болсо, башкалары түрдүү себептерден улам добуш берген эмес.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, саламаттыгына, каттоосуна байланыштуу шайлоо тилкесине келе албагандар, камактагылар арыз жазып, көчмө урна аркылуу алдын ала добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда жарандар мамлекеттик башкаруунун "парламенттик", "президенттик" формаларынын бири тандашы же болбосо "баарына каршы" добуш бериши керек. Шайлоо үчүн өзүнчө, референдум үчүн өзүнчө бюллетень берилет.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG