Ссылки доступа

Алматыда борбордук аянтта 31 киши кармалды


Алматыда полиция Республика аянтында бери дегенде 31 кишини кармады. Окуя болуп жаткан жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчыларынын айтымында, алардын кээ бири “шайлоого бойкот” деп кыйкырышкан. Айрымдары пикирин да айтууга үлгүргөн эмес.

Бүгүн, 10-январь күнү эртең менен полиция “шайлоого бойкот” жарыялоого үндөгөн активисттер тобун курчоого алган болчу. Бирок алар кармалган эмес.

Кармалгандар кайсы кыймылдын же уюмдун өкүлдөрү экенин белгисиз. Буга чейин чет өлкөдө бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов жаштарды 10-январда бийликке каршы нааразылык өткөрүүгө, шаарда кишилер көп жүргөн жерлерде чогулууга чакырган.

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султандагы №58 шайлоо тилкесинде добуш берип жатып, нааразылыкка чыккандарга карата репрессиялык чара колдонулбай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG