Ссылки доступа

Казакстандын бир нече шаарларында нааразылык акциясына чыккандар кармалды


Нур-Султан жана Алматы шаарларында парламенттик шайлоого байланыштуу өткөн нааразылык акциялары учурунда ондогон киши кармалды.

Алматыда прокуратура өкүлдөрү акция мыйзамсыз экенин айтып, нааразылык уюштургандарды тарап кетүүгө чакырган. Активисттер баш тартышкан. Бир нече убакыттан кийин спецназ жалпысынан 30дай кишини кармап кетти.

Нур-Султанда Жастар аянтында полиция алтыдан кем эмес адамды кармады. “Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, митинг өтүп жаткан жерде жөнөкөй жарандарга караганда, полиция кызматкерлеринин саны көп болгон.

"Экстремисттик партия ушул жерде чогулууга чакырган. Кишилер келип жатышат. Биз аларды таркап кетүүгө үндөдүк. Балким, кээ бири эч нерсени билбей эле келгендир. Биз аларга эскертүү берип жатабыз", – деди Нур-Султан шаарынын полиция департаментинин башчысынын орун басары Бакытжан Малыбаев.

Чымкент жана Актөбө шаарларында да бир нече киши кармалды.

Бүгүн, 10-январда Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына шайлоо өтүүдө. Шайлоого оппозициячыл партиялар катышкан жок. Бозгунда жүргөн мурдагы банкир Муктар Аблязов дал ушул шайлоо күнү элди нааразылык жыйын өткөрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG