Ссылки доступа

Индонезияда «Боинг-737» учагы кулаган жерде суучулдар иштеп жатышат


Индонезиянын бийлиги ишемби күнү деңизге кулап түшкөн «Сривижая Эйрлайнз» авиакомпаниясынын «Боинг-737» учагынын калдыктары табылганын билдирди.

«Би-Би-Си» радиосунун маалыматына караганда, бүгүн издөө тобу учактын бортундагы кара кутудан сигнал алышкан. Мындан соң кырсык болгон жерге аскердик суучулдар менен куткаруучу кемелер жөнөтүлдү.

Тергөөчүлөр деңиздин түбүнөн учактын калдыктарын алып чыгуунун жолдорун караштырып жатышат. Жакарта полициясынын өкүлү тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилген алгачкы топтомдордо жарандардын багаждагы жеке буюмдары жана сөөктөрдүн бөлүктөрү болгонун билдирди.

Жакарта шаарынан Батыш Калимантан провинциясына учуп чыккан учактын экипаж мүчөлөрү менен байланыш ал абага көтөрүлгөндөн кийин төрт мүнөт өткөн соң үзүлгөн. Учактын ичиндеги 62 киши, анын ичинде 12 экипаж мүчөсүнүн баары каза болду.

XS
SM
MD
LG