Ссылки доступа

Нур-Султанда «Азаттыктын» кабарчысына күч колдонулду


Нур-Султанда «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен шайлоого нааразы активисттерди кармоо учурун чагылдырып жатканда коопсуздук органдарынын чабуулуна кабылды.

Тойкендин айтымында, полициячылардын бири анын телефонун тартып алган.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Нур-Султанда бир нече активистти үйлөрүнүн жанынан эле автобуска салып кетишти. Нурдаулет деген полициячы менин телефонумду күч менен алып койду. Телефондун айнеги сынды», – деп жазды.

Маалыматка караганда, тартип сакчысы телефонду кайтарып берер алдында, андагы бир нече кадрды өчүрүп таштаган.

Бул боюнча Нур-Султан шаардык полиция департаментинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин көз карандысыз байкоочу Куандык Комекбаев кабарчыга кайрылып, анын үйүнүн жанында полициячылар жүргөнүн, өзү шайлоо тилкесине бара албай жатканын маалымдаган. Журналист окуяга өз көзү менен күбө болуу үчүн анын үйүнө барган. Комекбаевдин үйүнөн чыккан активисттер Марат Мусабаев, Муратбек Толеген жана Асхат Дастанов да кармалган.

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG