Саат кечки 20.20да алынган маалыматтар боюнча талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 78,9% добушун алды. Экинчи орунда Адахан Мадумаров (6,5%), үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев (2%) турат.
Референдум боюнча шайлоочулардын 78,7% президенттик системага, 10% парламенттик системага, 4,2% баарына каршы добуш берген.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайлоого добуш берүүчүлөрдүн канча пайызы катышканы жөнүндө маалымат жарыялана элек. Бишкек убактысы менен саат 18:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 33,13% (1 180 515 адам) катышкан. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 33,08% (1 178 656 адам) түзгөн.
БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.