Ссылки доступа

Сардаба кырсыгынан жабыркаган жаш үй-бүлөгө үй бериле элек (видео)


Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан кийин үй-жайсыз калган жаш үй-бүлө сегиз айдан бери жардам албай, көчөдө калганын билдирүүдө.

27 жаштагы Муниса Тургунбаеванын айтымында, 2020-жылы 1-майда Сардаба суу сактагычында дамба жарылгандан кийин үч бөлмөлүү тамын суу алып кеткен. Үй-бүлөнүн чыгымы 58 миллион сум деп бааланган. Бирок ушул күнгө чейин аларга үй да, компенсация (5,5 миң доллар) да берилген жок.

Жергиликтүү бийлик Муниса Тургунбаева жашаган үйдүн документи жок болгондуктан, үй-бүлөгө турак жай берилбей калганын билдирүүдө.

Ушул тапта жаш үй-бүлө эки баласы менен ижарага алган үйдө жашап жатат. Кырсыктан алты күн өткөн соң төрөлгөн уулу оору менен алышууда.

«Баламдын башында киста бар. Биз айына аны дарылоого 150 доллар коротобуз. Жолдошум жайында иштечү, акчаны дары-дармекке коротчубуз. Азыр суук, ал иштебей калды. Мындан ары баламды кантип дарылоону билбей турабыз», - деди Тургунбаева.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Видео

Видео

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00
XS
SM
MD
LG