Ссылки доступа

Тажикстанда сутенерлор менен сойкукана ээлерин ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталууда


Тажикстанда 16 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жыныстык эркиндиги менен жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар үчүн соттолгон, ошондой эле сойкуканаларды иштеткен жарандарды ата-энелик укугунан ажыратуу сунушталууда.

11-январда өлкө парламентинин төмөнкү палатасында «Үй-бүлө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда кодекстин тогуз беренесине өзгөрүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 11 беренеден турган жаңы эки бөлүм кошуу сунушу жазылган.

«16га чыга элек өспүрүмдөрдүн жыныстык эркиндиги менен жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш кылуу, ошондой эле сойкукана иштетүү үчүн соттолгон жарандар ата-энелик укуктарынан ажыратылат», — деп жазылган кодекстин 69-беренесине кошулган текстте.

Өткөн жумада жарандык коом өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго жана парламенттин эки палатасынын төрагаларына кайрылып, Тажикстандагы өспүрүмдөрдү сексуалдык зомбулуктан коргоону өтүнүшкөн.

2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон. Соттун бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG