Ссылки доступа

Казакстан: шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы менен парламентке үч партия өттү


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өткөн парламенттин төмөнкү палатасынын (мажилис) депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады.

Маалыматка ылайык, «Нур Отан» партиясы шайлоочулардын 71,09%, бийликчил «Казакстандын элдик партиясы» 9,10%, «Ак жол» 10,95%, «Ауыл» 5,29% жана «Адал» партиясы 3,57% колдоосуна ээ болушту.

Белгиленген жети пайыздык чектен «Нур Отан», «Ак жол» жана «Казакстандын элдик партиясы» ашкандыктан, мажилистин курамы көп деле өзгөрбөй турганы айтылууда. Анткени анын азыркы курамы да аталган үч партиянын депутаттарынан турат.

10-январда Казакстанда мажилистин жана бардык деңгээлдеги маслихаттардын (жергиликтүү кеңеш) депутаттары шайланды. Оппозициялык саясий күчтөр бул шайлоого бойкот жарыялап, катышкан жок.

Беделдүү эл аралык уюмдардын байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эркин жана акыйкат өттү деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG