Ссылки доступа

ЕККУнун байкоочулар миссиясы шайлоо таза атаандаштыкта өтпөгөнүн билдирди


Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо жакшы деңгээлде болгонуна карабай, талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлбөгөндүгү шайлоону начарлатты деген пикирин билдиришти.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү 11-январда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, талапкерлерге каржылык жана үгүт иштеринде бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн белгилешти.

«Акыркы айлар Кыргызстан эли үчүн кайгылуу болуп, саясаттагы башаламандык менен коштолду, бирок кечээки күнү биз жалпысынан жакшы процесс жүрүп жаткандыгын көрдүк. Бирок эгерде Кыргызстан өз элинин иштеп жаткан демократияга болгон тилектерин актай турган болсо, анда шайлоолорду бирдей шартта, толугу менен таза атаандаштыкта өткөрүү маанилүү. Бул шайлоодо андай болгон жок», - деди уюмдун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын лидери жана атайын координатору Питер Юэль-Йенсен.

Мурдараак «Human rights watch» эл аралык уюму Садыр Жапаровдун алдында Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелердин негизинде, анын ичинде адам укуктары принциптерин сактоо менен жетектөө жоопкерчилиги турганын билдирген.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум болду.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдагы добуштардын жыйынтыгында шайлоочулардын 80% көбү президенттик республика үчүн добуш берди, 11% жакыны парламенттик башкарууну колдогон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы бир айлык үгүт үчүн 122 миллион сом сарпташты. Анын дээрлик жарымынан көбү - 67 миллиону Садыр Жапаровго таандык.

Дагы бир талапкер Равшан Жээнбековго сот ишине байланыштуу аймактарга чыгып үгүт жүргүзүүгө уруксат берилген жок.

XS
SM
MD
LG