Ссылки доступа

АКШда Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюциянын тексти жарыяланды


Полиция менен митинг катышуучуларынын кагылышуусу. Вашингтон шаары, 6-январь 2021-жыл
Полиция менен митинг катышуучуларынын кагылышуусу. Вашингтон шаары, 6-январь 2021-жыл

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюциянын текстин жарыялады.

Ак үйдүн башчысы «Твиттердеги» билдирүүлөрү менен «козголоңго шыкакчы болгон» деп айыпталууда.

Резолюцияда «Трамп Кошмо Штаттардын жана өкмөттүк институттардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты» деп жазылган. Документтин демилгечилери 13-14-январь күндөрү резолюциянын тексти талкуулангандан кийин аны Өкүлдөр палатасы жактырып, Сенат бекитет деп ишенишүүдө. Эгер Трампка импичмент жарыяланса, ал мындан ары мамлекет башчы кызматына талапкер боло албай калат.

Дональд Трамптын президенттик ыйгарым укуктары 20-январда, шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясы өткөн күнү аяктайт.

6-январда АКШнын түрдүү штаттарынан Вашингтонго келген Трамптын тарапташтары митинг өткөрүп, көп өтпөй Капитолийдин ичине кирип барышкан. Ал учурда имаратта конгрессмендер президенттик шайлоонун жыйынтыктарын ырастоо үчүн жыйын өткөрүп жатышкан. Трамптын тарапташтары уюштурган башаламандыктардын жыйынтыгында беш киши, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болгон.

XS
SM
MD
LG