Ссылки доступа

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновду суракка чакырды. Бул маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» ырастады.

Анын айтымында экс-премьер-министр 12-январда күбө катары суралат.

Финансы полициясы азырынча сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.

Өткөн жылы октябрь айында Финполиция коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган. Ошондой эле ал иш боюнча мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралган. Финпол ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан бир млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын маалымдап, андан мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын билдирген.

Быйыл 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.

XS
SM
MD
LG