Үч лидер Азербайжан менен Армениянын ортосундагы «бардык экономикалык жана транспорттук байланыштарды» калыбына келтирүүнү макулдашты.
Бул үчүн Путиндин сунушу менен үч өлкөнүн вице-премьерлеринин теңтөрагалыгы алдында үч тарапту жумушчу топ түзүлмөй болду. Ал 1-мартка чейин Армениядан Азербайжандын аймагы аркылуу Орусия менен Иранга, ошондой эле Армениянын Нахичеван автономиясы аркылуу Азербайжанга жүк ташууну калыбына келтирүү планын даярдашы керек.