Ссылки доступа

Молдовадан келген тажикстандык 16 жарандын дайыны чыкпай жатат


Душанбе эл аралык аэропорту
Душанбе эл аралык аэропорту

11-январь күнү Молдовадан мекенине учуп келген Тажикстандын 16 жаранын Душанбе аэропортунда укук коргоо органдары кармап кеткени кабарланды.

Тажик укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул окуя боюнча кабары жок экенин билдиришүүдө.

Ошол эле маалда Молдова ИИМинин өкүлдөрү “Озоди” радиосуна Тажикстандын 16 жараны өлкөдө жүрүү эрежесин бузуп, айып төлөгөндөн кийин Молдовадан кетишкенин айтышты.

Молдованын Миграция жана башпаанек боюнча бюросунун өкүлү Михаил Водэ тажикстандык жарандар өлкөдөн 10-январда учуп кеткенин ырастады.

«Алар өлкөгө келүү себептери жөнүндө кандайдыр бир маалымат беришкен жок. Билетти өз акчаларына сатып алышты, айып пулду да өздөрү төлөштү. Ар бири 90 доллардан төлөдү», - деп түшүндүрдү Водэ.

Ушул тапта алардын кайда экенин белгисиз.

Душанбе эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин биринин айтымында, Стамбул-Душанбе каттамы менен келген жүргүнчүлөрдүн айрымдарын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери өзүнчө чыгарып кеткен.

Молдова менен Тажикстандын 2019-жылдагы өкмөт аралык келишимине ылайык, эки өлкө жарандары аталган мамлекеттерде 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG