Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Өзбекстанда 54 колония бар. Алардын 18и жабык түрмө, 25и түзөтүү колониялары жана 11и тергөө изолятору.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, түрмөлөрдө 22 миңден ашуун соттолуучу бар. Алардын 7000ден ашууну жалпы режимдеги колонияларда жазасын өтөп жатат, 14000ден ашыгы жабык типтеги түрмөлөрдө отурат.
Билдирүүдө кыйноонун алдын алуу үчүн 54 пенитенциардык мекемеде 3280 видеокөзөмөл жабдуулары орнотулганы айтылат.