Ссылки доступа

Өзбекстанда бир тууган үч бала иске ууланып мерт болду


Самарканд облусунун Каттакурган районунда 1, 4 жана 8 жаштагы үч бир тууган иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир туугандар ис уруп көз жумганын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары ырастады.

Учурда балдардын ата-энеси оор абалда ооруканада жатышат.

Бул окуя боюнча Каттакурган райондук прокуратурасы тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады.

XS
SM
MD
LG