Ссылки доступа

Ошто дүкөн тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалды


Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук чөнтөк телефонду карактап кеткени айтылат.

«Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, ПМ үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», - деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган тараптын өкүлдөрү маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG