Гиссар шаардык прокуратурасы Махмурод Одинаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады. Тажикстанда экстремизмге чакыруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.
Буга чейин прокуратура 2020-жылы 29-октябрда Махмурод Одинаев Гиссар шаардык аскер комиссариатына келип, уулу негизсиз түрдө аскерге чакырылганын билдирип, коомдук тартипти бузганын, бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнүн маалымдаган.
Бул факты боюнча Махмурод Одинаеваге карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ал тергөө абагына камалган.
Андан мурун Одинаев белгисиз адамдар уулуна кол салганын айтып чыккан. «Бийлик мындай жол менен мени жана мага окшоп бийликти сындап жүргөндөрдү коркуткусу, саясий ишмердүүлүгүбүздү токтоткусу келип жатат», - деген ал.
Махмурод Одинаев былтыр 16-ноябрда азык-түлүктүн кымбатташына каршы митинг өткөрүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүч менен Душанбе шаарынын мэриясына кайрылган.
Махмурод Одинаев акыркы жылдары кармалган партиянын жалгыз мүчөсү эмес. Андан мурун бирикменин активисттери – адвокаттар Бузургмехр Еров менен Шухрат Кудратов да соттолгон. Еров азыркыга чейин түрмөдө, Кудратов төрт жыл жазасын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан.