Ссылки доступа

Нур-Султан соту диний ишмер Абдукарим Хасанга айыппул салды


14-январда Нур-Султан шаардык административдик соту диний ишмер Абдукарим Хасанды үйүнө киши чакырып, даават жасоо аркылуу “Диний кызмат жана диний бирикме жөнүндө” мыйзамды бузууга айыптап, 194 460 теңге (460 доллардын тегереги) айыппул салды.

Сот жараяны онлайн өттү.

64 жаштагы диний ишмер Абдукарим Хасан былтыр октябрда 140 000 теңге айыппулга жыгылган. Анда ал “каттоодон өтпөгөн диний бирикменин ишин жарнамалоого” күнөөлөнгөн.

– Былтыр “каттоодон өтпөгөн суфизмди үгүттөгөнүңүз үчүн айыппул төлөтөбүз” деп полицияга алып барышып, 140 миң теңгеге чек жазып беришкен. Аны төлөгөм. Эми дал ошондой жагдай менен экинчи жолу соттогону жатышат, - деди ал “Азаттыктын” казак кызматына.

Сотто диний активисттин юристтери Максим Алшынбай менен Адиль Тулкебаев ал мурда айыппул төлөгөнүн айтып, ишти токтотууну талап кылышты.

Абдукарим Хасандын айтымында, ал мурда да укук коргоо органдарынын кысымына кабылган. 10-январда ал аялы менен бирге парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн баратканда, үйүнүн алдынан кармалышкан. Аларды полиция кечинде гана бошоткон.

XS
SM
MD
LG