Ссылки доступа

Грекияда сот ИМ тобунун мүчөлүгүнө айыпталган тажикстандыкты бошотту


Грекияда сот былтыр “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлүгүнө айыпталып кармалган Тажикстан жараны Саъди Рахматовду бошотту. Рахматов – бозгундагы тажик оппозиция лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоевдин күйөө баласы.

Шарофиддин Гадоев “Озоди” радиосуна маалымдагандай, Рахматовдун ИМ тобуна мүчө экени аныкталган эмес. Сот Саъди Рахматовдун Грекияда саясий качкын макамы бар экенин да эске алган. Буга байланыштуу ал Тажикстанга экстрадицияланган эмес.

27 жаштагы Саъди Рахматов 2020-жылы 4-ноябрда Триполис шаарында ИМ тобунун мүчөлүгүнө айыпталып кармалган.Ал Интерполдун издөөсүнүн негизинде колго түшкөнү айтылган. Полиция ал Грекияга 2017-жылы мыйзамсыз түрдө келгенин билдирен. Рахматов тажик оппозиция лидеринин күйөө баласы экенин, саясий себептерден улам Тажикстандан кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Кийинчерээк ал Тажикстандагы оппозициячыл Реформа жана өнүгүү үчүн кыймылынын лидери экени белгилүү болгон.

“Группа 24” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Шарофиддин Гадоев 2010-жылдары Тажикстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG