Ссылки доступа

Өзбекстандын түштүгүндө бак-дарактардын кыйылышына нааразы тургундар жол торошту


Кашкадарыя облусунун Карши шаарына караштуу «Буюк Турон» маалесинин 200дөй тургуну аэропортко бараткан автоунаа жолун торошту.

Муну менен алар 12 гектер жерге тигилген мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын кыйылышына, анын ордуна өндүрүш зонасынын салынышына каршы чыгышты.

Күбөлөрдүн айтымында, укук коргоо кызматкерлери демонстранттарга кысым көрсөтүп, кыйылган бактар менен тосулган трассаны тазалап, үч аялды милиция бөлүмүнө алып кетишти. Окуяны сүрөткө жана видеого тарткан кишилердин мобилдик телефондорун алып коюшкан.

13-январда өз булактар кармалган аялдардын экөө бошотулганын, милиция бөлүмүндө жалгыз бой келин - Машхура Садыкова гана калганын билдиришти. Ал “майда бейбаштыкка” айыпталып, төрт суткага административдик камакка алынган. Ал буга чейин ушундай эле айып менен 10 күнгө камалган.

Бул арада Экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин Кашкадарыя облустук башкармалыгы «Буюк Турон» маалесиндеги бактарды кыюуга уруксат берилбегенин билдирди.

Карши шаарынын акимчилигинин басма сөз кызматы бактардын жапырт кыйылганын тастыктап, бирок кенен маалымат берген жок.

Былтыр 27-декабрда мааленин 250дөй тургуну бактардын кыйылышына каршы нааразылык өткөрүшкөн.

Жергиликтүү тургундар бул жерге 100 миңден ашуун бак-дарак отургузушкан.

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG