Ссылки доступа

"Ералаш" киножурналынын негиздөөчүсү Борис Грачевский коронавирустан көз жумду


Москвада “Ералаш” балдардын азил-тамаша киножурналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирус инфекциясынан көз жумду.

72 жаштагы Грачевскийге COVID-19 диагнозу 21-декабрда коюлган. Алты күндөн кийин ал ооруканага жатып, эки күн өткөн соң жандандыруу бөлүмүнө которулган. 7-январда режиссер комага түшүп калган жана жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган.

Грачевскийдин онкологиялык оорулары да болгон.

Борис Грачевский 1949-жылы 18-мартта туулган. 1974-жылы “Ералаш” киножурналын негиздеген. 1995-жылы Горький атындагы киностудия базасында "Ералаш-Лэнд" киностудиясын ачкан. 2009-2015 жылдары режиссер толук метраждуу эки көркөм фильм тарткан.

XS
SM
MD
LG