Ссылки доступа

Прокурор Казакстандын энергетика министринин мурдагы орун басарын 10 жылга соттоону өтүндү


Казакстанда прокурор Саран шаарын башкарып турганда бюджеттик каражатты уурдаган деп айыпталып жаткан энергетика министринин мурдагы орун басары Анатолий Шкарупаны 10 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Мамлекеттик айыптоочу мындан тышкары анын мүлкүн конфискация кылбоону, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салууну жана сот залынан дароо камакка алууну суранды.

Ошондой эле ал бул иш боюнча айыпталып жаткан «Турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү фондунун» мурдагы төрагасы Кайсар Байдалы менен ENERCO компаниясынын директору Ерлан Набиевди ушундай эле шарттар менен ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратуу өтүнүчүн айтты.

Сотто түшкө чейинки тараптардын жарыш сөзүндө айыпталуучулардын бири Ерлан Набиев сүйлөөгө жетишти. Ал күнөөсү жок экенин айтып, соттон аны актоону өтүндү.

Шкарупа буга чейин тергөөнүн жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн аны кыйноого алышканын билдирген. Мындан тышкары ал экспертиза жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар жана тергөө маалында далилдер жасалмаланганы жөнүндө айткан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Шкарупа Саран шаарынын акими болуп турганда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук энергиясын өлчөө жабдууларын орнотууга акча каралбаганын жана борбордук буу казандын курулушу аяктабай турганын билип туруп, Набиев менен бирге кылмыштуу план иштеп чыккан. Аны жүзөгө ашыруу үчүн алар бул ишке «Турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү фондунун» ошол кездеги төрагасы Кайсар Байдалыны тартышкан. Ал иштебей турган «Сарантеплосервис» ишканасына жабдууларды жеткирүү үчүн деп фонддун атынан ENERCO компаниясынын эсебине 215 миллион 89 миң 979 теңге (566 миң доллардан ашык) которгон. Бирок бул сумманын 104 миллион 427 миң теңгеси уурдалып, фондго ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул иш боюнча соттук жараян 2019-жылы декабрда башталган. Шкарупа 2018-жылы ноябрда камакка алынып, 2020-жылы июнда үй камагына чыгарылган.

Видео

Видео

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00
XS
SM
MD
LG