Ссылки доступа

Өзбекстанда жатак абактар жабылууда


12-январда Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жаза аткаруу башкармалыгынын Кашкадарыя облусундагы жатак абагы жабылды.

Маалыматка караганда, ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар башка абактарга которулду.

– Быйыл алты жатак абакты жабуу пландалып жатат. Алар Ташкент, Жизак, Кашкадарыя жана Сурхандарыя облустарында жайгашкан, — деди Жаза аткаруу кызматынын аты-жөнүн билдиргеси келбеген кызматкери.

2020-жылы декабрдын аягында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев парламентте сүйлөп, акырындык менен өлкөдөгү 25 жатак абакты кыскартуу пландалып жатканын билдирген.

«Кийинки жылы жаза аткаруу системасына гуманизм принцибин киргизүү иштери уланат. Эл аралык стандарттарды эске алуу менен акырындык менен 25 жатак абагы кыскартылат. Мындан ары алгачкы жолу соттолгон жарандын жазасы жеңилдетилсе, ал жатак абагынын ордуна пробациялык көзөмөлгө алынат. Алар маале башчыларынын көзөмөлү менен өз үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деген президент.

Өткөн жылы августта өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажанов Өзбекстандын абактарында отурган камактагылар кыйла азайганын, алардын саны 22,9 миңди түзөрүн билдирген.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстанда 50дөн ашык мурдагы жогорку кызматтардагы саясий туткун эркиндикке чыгарылды. Алардын арасында маркум президент Ислам Каримовдун тушунда соттолгон саясий оппозициянын активисттери, журналисттер жана укук коргоочулар бар.

XS
SM
MD
LG