Ссылки доступа

Нур-Султандагы тергөө абагында активисттин сабалышы боюнча тергөө иштери башталды


Активист Аскар Кайырбектин Нур-Султан шаарындагы тергөө абагында сабалышы «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергелип жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлшат Дуйсенова билдирди.

Өлкөдө тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу шеги менен тергөө абагына камалган жарандык активист Аскар Кайырбектин сабалганы тууралуу билдирүүлөр соцалдык түйүндөргө өткөн жумада жарыяланган. Адвокаттын айтымында, активист 12-январда түрмө кызматкерлерине каршы Нур-Султан шаардык полиция департаментинин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал ал арыздын негизинде «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Баарыбыздын аракетибизден улам алар бул фактыны жашырууга мүмкүн эмес экенин көрүп, кылмыш ишин ачышты. Бирок бул учурда кылмыш иши «Кыйноого алуу» беренеси боюнча козголушу керек болчу деп эсептейм. Кошумча экспертиза Кайырбектин денесинде шишиктер бар экенин көрсөттү. Анын жабык жайда мындай жаракаттарды алуусу — нормалдуу эмес көрүнүш», — деди адвокат.

Укук коргоочулар жарыялаган билдирүүлөрдө Аскар Кайырбек 6-январда эртең мененки текшерүүдөн кийин сабалганы жазылган. Активист түрмө кызматкерлери аны камактагы башка адам менен сүйлөшүүгө жана «мекеме кызматкерине кол салууга» айыпташканын айткан.

Аскар Кайырбек жер маселелери, адам укуктары көйгөйлөрүн көтөрүп, саясий туткундарды бошотуу талабы менен Нур-Султанда нааразылык акцияларын өткөрүп келгени менен белгилүү. Ал буга чейин бир нече жолу 5 суткадан 15 суткага чейинки мөөнөттөргө административдик камакка алынган. Активисттин тарапташтары менен укук коргоочулар ага каршы кылмыш иши саясий негиздер менен козголгон деп эсептешүүдө.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG