Ссылки доступа

Тажикстанда бир жылда азык-түлүк 40% кымбаттады


Тажикстанда 2020-жылы азык-түлүктүн айрым түрлөрү 42%, башка товарлар 6% чейин кымбаттаган.

Тажикстан президентинин алдындагы статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылы суу май 42,2%, шекер 40,7%, картошка 19,8%, жумуртка 18,9%, нан 13,8%, эт 5,7% мөмө-жемиш 4,7%, сүт 4,3% кымбаттаган.

Айыл чарба азыктары жалпысынан 13% чейин жогорулаган. Агенттиктин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, жемиштерден эң эле көп лимон – 24,3% кымбаттаган.

Өндүрүш товарларынын баасы 5,8% өскөн. Жеке гигиена каражаттары, курулуш материалдары, дары-дармек, кездеме, кийим жана бут кийим кымбаттаган.

Бул арада инфляциянын жалпы деңгээли мурда болжолдонгондой 7% эмес, 9,4% түздү.

XS
SM
MD
LG