Ссылки доступа

БШК: Референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу, апрелде өтүшү мүмкүн


Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз катчысы Руслан Изреков 19-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү маселеси талкууланып жатат, бирок азырынча бир чечим чыга элек:

"Экөө чогуу өтүшү мүмкүн. Негизи, ошондой сөз бар. Сунуштар айтылган. Азыр так кесе мынчанчы күнү болот деп айта албайбыз. Шайлоонун жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Болжолдуу түрдө апрелде өтөрүн божомолдоп жатабыз", - деди Изреков.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев да 19-январда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өтүшү мүмкүн экенин болжогон.

Былтыр октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууга байланыштуу 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум чогуу өткөн.

Конституциялык кеңешменин маалыматына караганда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо уланууда. Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын 11-декабрда кабарланган. Кеңешме долбоордун акыркы вариантын Жогорку Кеңешке берсе, ал өз кезегинде долбоорду референдумга алып чыгуу демилгесин коюшу мүмкүн.

Ал эми 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош, Токмок, Балыкчы,Каракол, Майлы-Суу шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылып калган болчу.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду.

XS
SM
MD
LG