Ссылки доступа

Кордой окуялары боюнча айыпталгандар кыйноого кабылып жатканын билдиришүүдө


Былтыр февралда Жамбыл облусунун Кордой районунда болгон улуттар аралык жаңжал боюнча айыпталып жаткан жарандардын бири сотто өз денесине жаракат келтирди. Ал мындай жол менен айыпталуучуларга карата зомбулук болуп жатканына нааразылык билдирүүгө аракет кылганын айтууда.

Соттун маалыматына караганда, 18-январда соттолуучу Шамиль Харсанов отурумдан кийин өзүнүн оң далысына жаракат келтирген. Судья анын мындай кадамга барышына эмне себеп болгонун жана кандай курал колдонгонун айткан жок.

Адвокаттын билдиришинче, Харсанов өзүнө жаракат келтирип жаткан учурда «конвой көз алдында айыпталуучулардын бирин сабаганын» айткан. Ишти караган судья конвойлордун аракетине баа бере албай турганын, анткени окуя болду делген маалда имараттын сыртында жүргөнүн билдирген.

18-январда Харсановдун апасы «үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу» уулун кое берүүнү өтүнгөн. Ошол эле күнү Харсанов бир нече айыпталуучу менен бирге сотко кайрылып, бөгөт чарасын камактан башкага өзгөртүүнү, «Жапырт башаламандык» беренесин «Өзүн өзү коргоо» беренесине алмаштырууну өтүнүшкөн. Сот алардын бул өтүнүчтөрүн канааттандырган эмес.

Буга чейин дунган улутундагы айрым соттолуучулар камакта кыйноого кабылганын айтып чыгышкан.

— Бул жерде негизсиз камакта отурабыз, биз эркиндикте болушубуз керек. Бизге өз пикирибизди айтууга мүмкүндүк бергиле. Мында бизди 12 саат суукта турууга мажбурлашты. Бизге адвокаттарды киргизишкен жок, сабап, ток урдуртушту», — деп кыйкырган соттолуучулардын бири 18-январдагы отурумда.

Бул иш боюнча сот отурумдары Тараз шаарындагы тергөө абагында өтүп жатат. Ал ачык болору айтылганы менен залга адвокаттар гана киргизилүүдө. Журналисттерге сотко онлайн көз салууга уруксат берилген.

Кордойдогу окуялар боюнча жалпысынан 51 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Аларга «Жапырт башаламандык», «Курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо», «Опузалоо», «Талап-тоноо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айыптар тагылган. Бүгүнкү күндө сотто күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулууда. Бул иш боюнча канча киши жабырлануучу катары өтүп жатканы так белгисиз.

Былтыр февралдын башында Кордой районунун Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында жергиликтүү казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыгып, 11 адам каза болгон. Дагы жүздөн ашык киши, анын ичинде 19 полиция кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Кийинчерээк алардын көбү кайра кетишкен.

Бул окуядан кийин Жамбыл облусундагы бир катар аткаминерлер кызматтарынан кетишкен. Казак бийлиги 120 иш боюнча тергөө башталганын билдирген.

Май айында Орусиядагы «Мемориал» борбору бул окуялар боюнча тергөө иштери ачык эмес, «бир тараптуу» жүрүп жатканын билдирген. Уюм өз макаласында казак бийлигин ачык тергөөгө чакырган дунган коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусун жарыялаган. Анда «кармалгандар кыйноого алынып жатканы» жөнүндө да айтылган.

XS
SM
MD
LG