Ссылки доступа

Өзбекстанда адам өлүмү 2019-жылга салыштырмалуу былтыр 13,5% көп катталды


Өзбекстанда 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы каза болгондордун саны 13,5% көп катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылы Өзбекстанда 175,6 миң киши көз жумган. Алардын 60,0% кан айлануу системасы, 8,0% шишик, 7,2% дем алуу органдары, 4,4% тамак сиңирүү, 4,4% жугуштуу жана мите оорулардан, дагы 4,4% кокустуктар менен уулануудан жана 11,6% башка илдеттерден каза болгон.

Статистикалык комитеттин маалыматында коронавирустан канча киши көз жумганын көрсөтүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG