Ссылки доступа

Навальныйдын командасы «Путиндин хан сарайы» тууралуу иликтөө жарыялады (видео)


«Путиндин хан сарайы»
«Путиндин хан сарайы»

Орусияда камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча иликтөөсүн чыгарды.

Ал Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күн өткөндөн кийин жарыяланды.

Иликтөө Навальный камакка алына электе даярдалган. Эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган.

«Путиндин хан сарайы» деп аталган Кара деңиздин жээгиндеги имарат 2005-2010-жылдары курулган. Аны президентке арналып курулганын 2010-жылы ишкер Сергей Колесников айтып чыккан. Ал кезде имарат 1 миллиард долларга бааланган.

Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап чыкканын жарыялады. Ага ылайык, Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.

Человек, который построил "Дворец Путина"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөө боюнча «Подъем» басылмасына түшүндүрмө берип, өлкө башчынын эч кандай хан сарайы жок экенин айтты: «Бул өтө эскирип калган пластинка. Биз Путиндин эч кандай хан сарайы жок экенин көп жыл мурда эле түшүндүргөнбүз». Кремль буга чейин да Путиндин Геленжик шаарындагы хан сарайга тиешеси жок экенин билдирген.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG