Маалыматка караганда, вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле чукул колдонуу үчүн жактырылды.
Буга чейин «Спутник V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда чукул колдонуу үчүн каттоого алынган.
Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.
Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.
Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.