Ссылки доступа

Жо Байден АКШнын президенти катары ант берди


Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Ант берүү аземи көрүүчүлөрсүз өттү, бирок ага 20 миңден ашуун аскер катышты. Кошмо Штаттарда мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташтары нааразылык өткөрүшү ыктымал деген жүйө менен 24-январга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ага улай пандемияга байланыштуу Вашингтондун аткаминерлери шаар жашоочуларын үйдө болууга үндөгөн. Инаугурацияда көрүүчүлөрдүн ордун 190 миң америкалык желек ээледи.

Адатта ант берүү аземине АКШнын мурдагы президенттери катышат. Дональд Трамп Байдендин жеңишин таануудан баш тартып, инаугурациянын алдында Ак үйдөн чыгып кетти. Инаугурация аземине Трамптын учурунда вице-президент болгон Майк Пенс, мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон, Барак Обама катышты.

Коноктор социалдык аралыкты сактоо менен отургузулду.

АКШнын улуттук гимнин ырчы Леди Гага аткарды. Байдендин антын Кошмо Штаттардын Жогорку сотунун башчысы Жон Робертс кабыл алды. Саясатчы Байдендердин үй-бүлөсүнө таандык Библияга колун коюп ант берди. Вице-президент Камала Харристин антын Жогорку соттун судьясы Соня Сотомайор кабыл алды.

Андан соң президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис аскер парадын кабыл алышып, Арлингтондогу улуттук көрүстөндө белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюшту.

XS
SM
MD
LG