Ссылки доступа

Орусия ТИМи АКШга СНВ-3 келишимин беш жылга узартууну сунуштады


Орусия ТИМи АКШ президенти Жо Байден кызматка киришерге бир нече мүнөт калганда Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү (СНВ-3) макулдашуунун мөөнөтүн беш жылга узартууну сунуштады.

Министрлик Москва келишимди мурдагы шарт менен узартууну колдой турганын, Трамптын администрациясы аскердик-стратегиялык тармакта АКШнын кызыкчылыктарын гана эске алганын белгилейт.

Андан мурдараак Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Вашингтондун СНВ-3 келишимин сактап калуу ниетин жактай турганын айткан.

19-январда Жо Байден тарабынан АКШнын мамлекеттик катчылыгына көрсөтүлгөн Энтони Блинкен жаңы президенттин администрациясы СНВ-3 келишимин узартууга аракет жасай турганын жана анын мөөнөтүү талкууланып жатканын айткан.

Орусия президенти Владимир Путин былтыр Вашингтонду эч кандай шартсыз эле макулдашуунун мөөнөтүн бир жылга узартууга чакырган.

Адисттер бул келишимсиз эки өлкө куралдануу боюнча жаңы жарышты башташы ыктымал экенин, бул мамилелердин курчушуна алып келерин айткан.

Эки өлкө ортосундагы өзөктүк куралдануу боюнча 2010-жылы кол коюлган стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү (СНВ-3) макулдашуунун мөөнөтү келерки жылы февралда аяктайт. Дональд Трамптын администрациясы өзөктүк куралданууну чектөө жөнүндө келишимге Кытай да кириши зарыл деген шарт койгон. Орусия буга макул болгон эмес.

XS
SM
MD
LG