Ссылки доступа

Душанбедеги "Корвон" базары коопсуздук эрежелерин эске алуу менен реконструкцияланат


Душанбеде бир нече жолу өрт чыккан “Корвон” базарын реконструкциялоо доолбоорунда коопсуздук технологияларына жана байкоого өзгөчө көңүл бурулган. Базарды жаңылоо былтыр мартта башталган.

Былтыр базар бир нече жолу өрттөнүп, ишкерлер чоң чыгым тарткан. Эң эле ири өрт 2012-жылы катталган. Укук коргоо органдары базар атайын өрттөлгөн болушу ыктымал экенин белгилешкен. Анда 2 миң 250 дүкөн жана 8 миң чарчы метр соода аянтчасы толугу менен күйүп кеткен.

“Корвон” базарынын инспектору Умед Рахмонов азыр соода борборундагы ар бир түйүндө өрт коопсуздук системасы орнотулганын айтты.

Долбоорго ылайык, мындан ары базардын эки тарабында жол гана эмес тротурарлар да болот. Базарга мурдагыдай жети эмес 24 жерден кирип-чыгууга мүмкүн. Базарда күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүлөт. Ушул тапта 250 камера орнотулуп бүттү.

“Корвон” базары 27 гектар аянтты ээлейт, бул жерде 8 миңдей киши иштейт.

Рынок "Корвон": с новым обликом исчезнут старые проблемы?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

XS
SM
MD
LG