Ссылки доступа

HRW Казакстандагы укук коргоо уюмдарына жасалган басымды айыптады


Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Казакстанда укук коргоо уюмдарына карата «репрессиялык чаралардын уланып жатканын» айыптады.

Өткөн жумадан бери өлкөдө кеминде эки өкмөттүк эмес уюм «салык отчётторун убагында берген эмес» деген негизде айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун 20-январда жарыяланган билдирүүсүндө казак бийлиги активисттер менен укук коргоо уюмдарын чектеген мыйзамдарды жана кадамдарды көптөн бери колдонуп келээри айтылган. «Бирок Казакстандагы эркин чогулууга карата акыркы чабуулдарда бир нече топ бутага алынганы жана бийликтин мыйзамсыз аракеттери акылга сыйгыс нерсе», деп айтылат билдирүүдө.

HRW уюмунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча иликтөөчүсү Мира Ритмандын айтымында, кеминде дагы төрт бейөкмөт уюм жакынкы күндөргө жергиликтүү салык органдарына чакырылган жана алар ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушу мүмкүн.

2020-жылы ноябрдын аягында Казакстандагы бир нече укук коргоо жана жарандык уюмдар салык органдарынын «чабуулуна» кабылышканын билдирип чыгышкан. Алардын айтымында, октябрь-ноябрь айларында өлкө боюнча кеминде 13 уюм салык отчетун туура эмес толтуруу боюнча эскертүү алышкан. Уюмдар мындай айыптоолорду негизсиз деп аташкан.

XS
SM
MD
LG