Ссылки доступа

Атайын комиссия: Казакстанда каза болгон шахта жумушчулары коопсуздук чараларын «сактаган эмес»


Актөбө облусунун Хромтау районунда жайгашкан «Жазгы Аралчы» деген жез кениндеги төрт жумушчунун өлүмү боюнча түзүлгөн атайын комиссия корутундусун жарыялады.

Анда шахтага түшкөн жумушчулар коопсуздук чараларына тиешелүү деңгээлде көңүл бурбаганы белгиленген.

Актөбө облусундагы Эмгек инспекциясы боюнча башкармалыктын жетекчиси Саламат Аманбаевдин айтымында, жумушчуларда өз өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон, бирок алар жеке коргонуу каражаттарын пайдаланышкан эмес.

- Пландалган жер алдындагы жардыруу маалында шахтада коюу туман пайда болгон. Тактап айтканда, анда газ тараган. Жумушчулар дал ошол маалда өздөрүн коргоо боюнча аракеттерди башташы керек болчу. Шахтага түшкөн беш жумушчунун бирөө өз учурунда кычкылтек толтурулган каражатты колдонуп, тирүү калды», — деди Аманбаев.

Ал комиссиянын корутундусуна таянып, 2020-жылы 30-декабрдагы окуяда маркум Асхат Кайкановдун күнөөсү 20%, каза болгон калган жумушчулардыкы 10% жана жумуш берүүчүнүкү 80% болгонун кошумчалады.

Жез кенинде текшерүү иштерин жүргүзгөн комиссия мүчөлөрү кырсык болгон маалда андагы вентиляциялык система иштебегенин аныкташкан. Комиссия бул корутундусун полиция менен прокуратурага жөнөттү. Полиция департаментинен бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Азырынча эч кимге айып тагыла элек.

Кендин башкы инженери Наиль Сафин шахтада коопсуздук негизги орунда экенин белгилеп, коргонуу каражаттары жетиштүү болгонун билдирди.

Хромтау районундагы Көктау айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан кен «Актөбө жез компаниясына» карайт. Өз кезегинде «Актөбө жез компаниясы» жез өндүрүү боюнча чоңдугу жагынан Орусиядагы үчүнчү орунда турган «Орус жез компаниясына» таандык. Анын негиздөөчүсү жана ээси орусиялык миллиардер Игорь Алтушкин. Акыркы жолу Forbes журналы анын байлыгын 4,1 миллиард долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG