Ссылки доступа

Багдаддагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


21-январда Ирактын баш калаасы Багдадда болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобу өзүнө алды.

Расмий бийликтин маалыматы боюнча, жардыруулардан кеминде 32 киши каза болуп, 110 адам жаракат алды.

Ирактын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, биринчи жанкечти базарда өзүн жаман сезип жатканын айтып, ага жардам бериш үчүн адамдар топтолгондо жардыргыч затты иштеткен. Экинчи жардыруу базардагылар биринчи жардыруудан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жаткан учурда болгон.

Саламаттык сактоо министрлигиндеги өз булактар өлгөндөрдүн саны көбөйүшү ыктымал экенин айтышууда. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн борбор калаанын бардык районундагы медицина кызматкерлери тартылды.

XS
SM
MD
LG