Ссылки доступа

Өзбекстанда акимдин уулу катышкан жол кырсыгынан бир киши өлгөнү айтылууда


Касан районунун башчысы Асрол Байкараев.
Касан районунун башчысы Асрол Байкараев.

Кашкадарыя облусунун 59 жаштагы тургуну Шерали Жумакулов 12-декабрда Касан районунун акими Асрола Байкараевдин кызматтык автоунаасы сүзүп кеткенден кийин каза болду.

Маркумдун жакындары менен күбөлөр кырсык болгон маалда автоунааны аким Асрол Байкараевдин 19 жаштагы уулу башкарып баратканын билдиришүүдө. 12-декабрь күнү кечинде болгон кырсыктан кийин унаанын ичиндеги акимдин үй-бүлөсү качып кетип, машинаны акимдин орун басарынын айдоочусу башкарып баратканы боюнча протокол түзүлгөн.

Жена и сестра покойного жителя Касанского района Шерали Жумакулова обратились к президенту Мирзияеву
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Маркумдун жубайы Ноиля Вахабованын айтымында, азыр аны доо арыз жазуудан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылып жатышат.

– Мен Ташкентке доо арыз жазганы келдим. Адвокат жалдап, күйөөмдү ким өлтүргөнүн аныктап чыккым келет. Мен күбөлөргө бир нече жолу кайрылдым, алар унаанын ичинде акимдин үй-бүлөсү болгонун, аны уулу башкарып баратканын айтышты. Азыр эми ал унаага таптакыр отурбаган кишини таап, күнөөнү мойнуна алдыртууга аракет кылып жатышат. Мага абройлуу кишилер ортомчу болуп келип, доо арыз жаздырбоого аракет көрүшүүдө», — деди Вахабова.

Ал «Озодлик» радиосуна кырсык болгон күнү автоунааны башкарып бараткан делген акимдин орун басарынын айдоочусу Рахим Жураев маркумдун үйүнө келгенде тартылган видеону жөнөткөн. Анда Жумакуловдун уулу Жураевге кайрылып, чынында рулда ким болгонун ачык айтуусун өтүнүп жатканын көрүүгө болот.

Водитель Рахим Джураев, сбивший насмерть жителя Касанского района Шерали Жумакулова
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Райондук акимчиликтин басма сөз катчысы айыптоолорду четке кагып, кырсыкка аким жана анын үй-бүлөсү катышпаганын билдирди.

Бул кырсык боюнча башталган тергөө иши менен жакындан тааныш аткаминерлердин бири акимдин Ички иштер министрлигинде иштеген таанышы бардык далилдерди жок кылып, ишти жабуу боюнча оозеки буйрук бергенин билдирди.

– Акимдин үй-бүлөсү отурган автоунааны анын уулу башкарып бараткан. Азыр район башчысы уулун коргоп, анын ордуна акимдин орун басарынын айдоочусун күнөөлүү кылууга аракет көрүп жатат. Ишти билгизбей жаап коёт деген үмүт менен облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен. Бул иш боюнча бардык документтер жасалма, маркумдун үй-бүлөсүнө да жасалма документтер көрсөтүлүүдө», — деди ал.

Касан райондук акимчилигинин басма сөз катчысы Дильшод Набиев маркумдун жакындарынын айыптоолору негизсиз экенин билдирди.

– Бул окуяга аким өзү, кызы же уулу катышкан эмес. Ал автоунааны сентябрдан бери орун басарынын айдоочусу айдап жүргөн. Акимдин өзүнүн айдоочусу өргүүгө кеткен. Бул боюнча бизде бардык документтер бар. Прокуратура баарын текшерип чыкты», — деди Набиев.

Бирок окуянын күбөлөрү ал күнү кырсык болгон жерден Рахим Жураевди көрүшпөгөнүн билдиришти.

Маркум Шерали Жумакулов тез жардам автоунаасынын айдоочусу болуп иштеп жүргөн. Артында эки уулу жана үч кызы калды.

XS
SM
MD
LG