Ссылки доступа

Америкалык конгрессмендер Байденди "Свобода" радиосун коргоого чакырышты


АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Кремль "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Орусиядагы кызматын чектөөнү, журналисттерин жазалоону күчөтсө, Москвага каршы жаңы санкцияларды салууга чакырды.

Конгрессмендер бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден менен анын администрациясына жолдогон катында жазышкан.

Каттын авторлору бул күндөрү Роскомнадзордун кызматкерлери медиакорпорацияны жана анын долбоорлорун «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзамды бузууга айыптап, жүз миңдеген доллар айып пул салуу үчүн 130 протокол түзүү менен алектенип жатканын билдиришкен. Айып пул салуу боюнча алгачкы сот отуруму 27-январга белгиленген.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. 2017-жылы ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Ал реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк тыңчылар» тизмесине киргизген.

АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM, КШДМА) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) айым 24-январдагы буйругу менен “Эркин Европа / Азаттык үналгысы” ("ЭЕАҮ") компаниясынын президентинин милдетин аткарууну Дейзи Синделар айымга тапшырганы белгилүү болду. Чао Эркин Европа / Азаттык үналгысынын президенти болуп жакындан бери иштей баштаган Тед Липиенди кызматынан алган.

XS
SM
MD
LG