Ссылки доступа

Жакындары коронавирустан каза болгондор пикетке чыгышты


Саламаттык сактоо министрлигинин алдына бүгүн, 25-январда коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. Алар башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев менен министрдин орун басары Мадамин Каратевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикетти уюштуруучулардын бири, «Биз чындык үчүн» кыймылынын мүчөсү Ырыскан Зулпукарова медицина тармагында люстрация болушун талап кылып жатышканын «Азаттыкка» айтты:

«Биз медицинада өз элин сүйгөн жетекчилер иштешин каалайбыз. Коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду катып алган жетекчилер, алардын ичинде Каратаев да бар, көптөрүнүн атын бизге айтпай жатышат, аларды медицинанын кара тизмесине киргизүүнү талап кылабыз. Биз люстрацияны талап кылабыз, мындай адамдар жетектөөчү кызматка кайра келбесин деп чыктык».

Коронавирус учурундагы мыйзам бузуу боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда камакка алынып, январда үй камагына чыкты.

Коронавирусту иликтеген мекеме аралык комиссия керектүү дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, өлүм-житимдин саны жашырылганы, туура эмес дарылоо фактылары болгонун 22-январда жарыялады.

Ошондой эле бул комиссия июнь, июль учурунда дарылоонун үчүнчү протоколу жашырылган деп билдирген.

Бирок өлкөнүн башкы пульмонологу, коронавирусту дарылоо протоколдорун иштеп чыккан илимий кеңештин башында турган Талантбек Сооронбаев бул айыптоолорду четке кагууда.

Буга чейин коронавирус пандемиясынын кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссия үчүнчү протокол бир айдан ашык кечигип чыкканын, анын айынан керектүү дары-дармек Кыргызстанга өз убагында келбей калганын билдирген.

Ал протоколдо вируска каршы дары-дармектердин саны кыскартылып, канды суюлта турган дарылар киргизилген.

XS
SM
MD
LG