Ссылки доступа

Өзбекстанда жарылуу болгон ЖЭБдин өкүлдөрү кырсык дагы кайталанышы мүмкүн экенин эскертишүүдө


Жаңы-Ангрен ЖЭБиндеги жарылуу
Жаңы-Ангрен ЖЭБиндеги жарылуу

Өзбекстанда Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) үч кишинин өмүрүн алган жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголду.

20-январда Ташкент облусунда жайгашкан ЖЭБдин профилактикалык иштер үчүн токтотулган 5-энергоблогундагы жарылуудан үч жумушчу каза болуп, дагы үчөө жаракат алган.

Маркумдардын жакындары кырсык станцияда жумушчулар коопсуздук техникалары менен камсыз болбогонунан улам келип чыкканын билдиришүүдө.

– Биздин үйгө келген ЖЭБдин жетекчилери бул окуя кокустук экенин айтышты. Бирок андай эмес. Ал жерде жумушчулардын коопсуздук чаралары сакталган эмес жана алар коопсуздук каражаттары менен камсыздалган эмес. Апам бул окуядан үч күн мурда эле газ жыттанып, башы ооруп жатканын айткан. Жумушчулар өтө оор шарттарда иштешет. Тез арада алардын коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарыл. Мындай кырсык дагы кайталанбашы керек», — деди маркум Манзура Туйчиеванын кызы Мафтуна Холикова.

Жаңы-Ангрен ЖЭБинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү станциянын оңдоого муктаж жерлери көп экенин билдирди.

– Чынында бул кырсыктан кийин ЖЭБдин абалына көңүл бурулса жакшы болмок. Станциянын көптөгөн жерлери оңдоого муктаж экенин, жабдуулары эскиргенин Ташкенттеги жетекчиликке эскертип жатып чарчадык. Бул көйгөйлөргө көңүл бурулбаса, мындай кырсык дагы кайталанышы мүмкүн, — деди ал.

Бул акыркы бир жылдын ичинде Жаңы-Ангрен ЖЭБинде катталган экинчи кырсык болду. Былтыр январдын аягында станциянын №3 жана №4 энергоблокторунун чатыры күйүп кеткен. Анда эч ким жаракат алган эмес.

XS
SM
MD
LG